Жээнбеков: “Кыргыз тили – жалпы элди бириктирет”

13-Дек. 2017, Шаршемби, 11:19

Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда жашаган бардык этностордун тилин сактоо жана өнүктүрүү менен катар мамлекеттик тил менен бирге расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо маселесине токтолушту.

Мындан тышкары, бала бакчалар маселесине өзгөчө басым жасалды. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында 84 бала бакчанын ичинен 10у гана, Ош шаарында 41 бала бакчадан 5и гана кыргыз тилинде иш жүргүзөөрүн мисалга келтирди.

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы кыргыз тилин жайылтуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган, ага тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилген. Кыргызстанда жалпы элди бириктире турган тил – бул кыргыз тили болушу керек. Кыргыз тилин элдин биримдиги жана ынтымагынын өзөгү катары кабыл алышыбыз зарыл. Ал үчүн кыргыз тилин жайылтуу, үйрөтүү боюнча маселелерди чечиш керек”, - деди мамлекет башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!