Америкалык автордун китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

13-Дек. 2017, Шаршемби, 11:39

АКШнын тышкы иштери боюнча Америкалык кеңештин Борбордук Азия жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старрдын «Жоготулган Агартуу. Борбордук Азиянын «алтын доору» араб басып алууларынан Темирланга чейин» аттуу китебинин бет ачары Бишкекте өттү.

Китепти өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев которгон.

Китептин бет ачар аземине өкмөт башчы Сапар Исаков катышып, китепте Хорезми, Фараби, Бируни, Ибн Сина, Фирдоуси, Омар Хайям, Кашкари, Баласагын, Улугбек, Навои сыяктуу адамзатынын өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген көптөгөн улуу ишмерлердин басып өткөн жолдору жазылганын белгилеп, «Мен алардын тукуму экендигиме сыймыктанам. Борбор Азиянын тарыхын автор үч баскычка бөлөт: биринчиси — прогрессивдүү жүз жылдыктар, экинчиси — регрессивдүү кылымдар, үчүнчүсү — биздин замандын келечеги. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндөгү өндүрүштүк интеграциянын мезгили келди. Жана ар-бир мамлекеттин өнүгүүсү аймактык өнүгүүдөн көз-каранды. Агартуунун нуру ың-жыңсыз кетпейт, бир кезекте орун алган жаркын замандар ал жерге сөзсүз кайтып келет. Буга Фредерик Старр абдан ишенет жана биз да ага ынанабыз», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр китептин кыргыз тилинде басылып чыккандыгы менен куттуктап, аткарылган иш үчүн редакторго жана китептин котормочуларынын бири Алмаз Бейшеналиевге ыраазычылык билдирди.

Китептин автору Фредерик Старр билдиргендей, китепте жазылган жүз жылдыктар аралыгында Борбор Азия дүйнө борбору болгон, анда бул аймакта соода, өндүрүш, интеллект топтолгон жана муну учурда эксперттер жана тарыхчылар гана эмес, жалпысы түшүнөт.

Маалымат иретинде: Кыргыз тилине которулган «Жоготулган агартуу: Борбордук Азиянын Алтын доору Араб басып алууларынан Темирланга чейин» китебинде ислам дүйнөсүндөгү интеллектуалдык жана маданий салттын өнүгүү жана төмөндөө учурлары сүрөттөлөт. Автор IX–XII кк. «мусулман ренессансы» – философиянын, так илимдердин жана поэзиянын гүлдөп-өнүгүүсү учурда Борбор Азия деп аталган аймак менен тыгыз байланыштуу болгондугун далилдейт.

Китептин бет ачарынан соң президент Сооронбай Жээнбековэмгектин автору Фредерик Старрды кабыл алды.

Мамлекет башчысы китеп Кыргызстанда жакшы кабыл алынат деген ишенимин билдирди. Анткени анда ислам дүйнөсүндөгү гүлдөө доору жана кризис тарыхынын интеллектуалдык окуялары жана маданий салттары тууралуу жазылган.

“Китеп тарыхчылар жана саясат таануучулар үчүн гана кызык болбостон, Борбордук Азиянын өтө бай тарыхын жана маданиятын таанып жана баалагысы келгендер үчүн дагы кызыктуу болот деп ойлойм. Китеп жазуудан тышкары сиз өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн саясат, дин, маданият, укук, энергетика жана айлана чөйрө тармагында проблемаларын дагы изилдегениңиз жакшы ”,-деди президент.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө автор Президент Сооронбай Жээнбековго өз китебин белек кылып берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!