Индира: "Кыздарыбызга куда түшкөндөр дагы болот"

13-Дек. 2017, Шаршемби, 16:05

Замандын талабына жараша кыз-келиндердин иши дагы жеңилдей түштү көрүнөт. Той топурларда, конок тосууда келиндердин ишин айтпаса да түшүнүктүү. Эми алардын ишинин баарын жайгарган «КELIN на час» кызмат көрсөтүү компаниясы пайда болуп, элдин жакшылыктарына кызмат кылып жаткан учуру. Zaman.kg маалымат агенттиги аталган кызматтын негиздөөчүсү жана башкы директору Индира Темирканованы кепке тартты.

Каарманыбыз Индира Темирканова учурда Бишкек шаарында жашайт. “КELIN на час” компаниясын жетектегенине бир жылдан ашты. Мындай кызмат көрсөтүүчү компанияны ачуунун зарылдыгына кызыгып сураганыбызда буларга токтолду.

- Мен көп бир туугандуу үй-бүлөгө келин болуп турмушка чыккам. Ата-энем азыр айылда турушат. Келин болгон соң айылда той-топур, конок болобу кызматта болушуң керек. Мен жолдошум менен шаарда жашаганымдыктан айылга барып келиндик вазийпамды аткарып келем. Бирок, жалгыз болсоң баарына жетише албайсыңда. Ошондо менде мындай ой пайда болду. Мен жасаган жумушумду башка бирөө деле жасаса, кызматы үчүн эмгек акысын төлөп берсем кандай болоор экен деп. Бул оюмду жакын кесиптештеримдин бирине айтсам. Ал “мен дагы инимди үйлөнтөйүн дедим эле. Жумуш менен болуп бошобой жатам. Сенин сунушуң мага жакты. Мүмкүн менин коногумду тосуп бербейсиңби” деп калды. Ойлобостон макулдугумду берип, той күнү ашпозчу курбумду ээрчитип анын жакшылыгына кызматыбызды көрсөтүп, түнкү саат үчтө үйүбүзгө кайттык. Эртеси шайыбыз ооп, алыбыз кетип калганын айтпа. Кызмат көрсөтсө болгудай, бирок эки адам кыйналып калгыдай. Андан көрө официант, идиш жууган кызматкерлерди дагы алыш керектигин ойлодум. Ошол күндүн эртеси “Келин на час” компаниясын ачууну көздөдүм.

Компанияда 30 адам эмгектенет

- Компания өткөн жылдын август айында ачылган. Бир жылдан ашты. Бул рынокто Бишкекте бизге атаандаш болгон 10 чакты компания бар. Ага карабастан биз жаңыдан ишти баштаганыбызда элге мыкты кызмат көрсөтүп, башка компанияларга атаандаш болуп чыга турган максатыбыз бар болчу. Азыркы учурда компанияда 30дай адам эмгектенет. Мунун ичинде тажрыйбалуу ашпозчулар, идиш жуугуч, айдоочу, бухгалтер, официант бар. Ар бир кызматкер өздөрүнүн эмгек акыларына жараша маяна алышат. Бишкектеги орто баадагы ресторандагыдай эмгек акы төлөнөт. Биз көбүнчө той-аштарга, кечелерге, коомдук уюмдар тарабынан өткөрүлгөн кофе брейктерде ошондой эле көбүнчө келини жаштар, жалгыз бой үй-бүлө, колунда жаш баласы барларга кызматыбызды көрсөтүп жатабыз. Ал эми той топурлар дем малыш күндөргө туш келет эмеспи. Анда жумуш көбөйүп, бир күндө эки жолу той-топурларды тейлеп калабыз.

“Кыздарыбызга куда түшкөндөр дагы бар”

- Жаңыдан жумушубузда баштаганда бирдиктүү формасы жок кызмат көрсөтүп жүргөнбүз. Кыздар ак жоолук салынып, ак кийим кийишчү. Бир жолу бир үй-бүлөгө барып калсак, алар жаңыдан келин алып жатышыптыр. Келген коноктор кыздарды көрүшүп “бактылуу бол айланайын” деп бир кызыбыздын бетинен өөп учурушып калды. Кийин той өткөргөн үйдүн ээлерине көрүндүк берип калышты. Алар «жок келинибиз келе элек. Бул бир сааттык эле келин” десе баарыбыз күлүп калдык. Кээ бири тың кыздар экен келин кылып алып калайын деп кызыгып сурашып, куда түшкөндөр болушат. Мындан тышкары жумуш учурунда кызыктуу окуялар дагы болбой койбойт. Кээде бир тоскон кудалар менен кайра жүзмө-жүз көрүшүп калган учурларыбыз болот. Аларды көргөндө жакын туугандардай кабыл алып, жылуу учурушап калабыз.

“Кызматкерлерге талапты катуу коём”

- Бизде эмгектенген ашпозчуларды 3 жылдан кем эмес ресторандарда иштеген, тажрыйбасы барларды жумушка кабыл алабыз. Официанттардан болса бою 165 см жогору, келбеттүү, сымбаттуу, ийкемдүү ыймандуу, тартиптуу жогорку окуу жайында окуган стундент улан-кыздар эмгектенет. Ыйман деп калдым. Бул нерсени баса белгилеп кетким келет. Бизди эмгектенген кыздар ичишпейт жана чегишпейт. Анткени башта бул нерсеге көңүл бурчу эмес элем. Кийин көп көңүл бурчу болдум. Анткени азыркы жаштардын жүрүм-туруму башкача болуп калбадыбы.

«Кийинки жылы Ошко кеңсебизди ачалы деп жатабыз»

- Бул кызмат көрсөтүү компания күтүүсүз жерден пайда болгон иш. Бир жылдан ашуун тармакта жүргөн кызматкер катары элге, кардарларыбызга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын бизге ишенип көргөзүп, эмгегибизди балаап, баталары менен ушул күнгө жеттик. Кийинки жылдан баштап Ош тарапка кеңсебизди ачалы деп жатабыз. Анткени ал жактан бизге кайрылган кардарларыбыз көп болуп жатат. Учурда Чүй, Ысык-Көл, Нарынды тейлеп жатабыз. Чыкканыбызга аз эле болсо дагы атыбызды булгабай татыктуу, жоопкерчлиликтүү иштегенге аракет кылып жатабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!