33 жаштагы жарандын сөөгү табылды

13-Дек. 2017, Шаршемби, 17:45

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында Сокулук РИИБне жаңы конуштардын биринен адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, болжол менен 30-35 жаштардагы азият улутундагы эркек адамдын сөөгүн табышып, денесинде көптөгөн жаракаттар бар экендигин аныкташкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташып, ал 33 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыккан.

“Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалган. Окуя болгон күнү экөө спирт ичимдигин ичишкен. Жолдон уруша кетишип, чыры мушташка айланган. Анын натыйжасында маркумдун денесине оор жаракат келтирген соң, аны ошол жерге таштап, шектүү үйүнө кетип калган. Маркум алган жаракатынан ошол жерден каза болгон”,- деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!