​17 жаштагы жигитти 7 студент сабап өлтүрдү

14-Дек. 2017, Бейшемби, 17:50

Токмок шаарынын 17 жаштагы тургунун жогорку класстын окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери сабап, муунтуп өлтүрүп жана өлгөн жигитти капчыгайга таштап, үстүн таштар менен көмүп коюшкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-декабрь күнү Кемин РИИБне Токмок шаарынын 38 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 17 жаштагы уулу 9-декабрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигин билдирген. Туугандары жашы жете элек баланы белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат беришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, милиция кызматкерлери оор кылмышка шектүү катары 17 жаштагы жаранды кармашкан. Тергөө учурунда бул кылмыш ишине дагы 7 адамдын тиешеси бардыгы аныкталып, алар өспүрүмдөр, жогорку класстын окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери болуп чыккан.

“9-декабрь күнү каза болгон бала менен кармалган жарандар ортосунда уруш чыгып, шектүүлөр сабап салышкан. Шектүүлөр жабырлануучу баланы моюн тарапка урушуп, бирөөсү катуу зат менен урган жана моюн орогуч менен муунтуп өлтүрүп салышкан. Сабалган бала алган жаракатынан кийин каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүүлөр өлгөн жигитти капчыгайга таштап, үстүн таштар менен көмүп коюшкан. Андан соң, алар үйлөрүнө кетип калышкан. Милиция кызматкерлери оор кылмыш иши болгон жерди аныкташып, 17 жаштагы маркумдун сөөгү Кемин шаарынын жанындагы капчыгайдан табылган. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча тийиштүү эскпертизалар дайындалган. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 18 жаштагы эки жигит, 17 жаштагы 4 жигит жана 16 жаштагы бир жигит кармалган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилишип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!