Бүгүн өлкөнүн башкы балатысы жандырылат

15-Дек. 2017, Жума, 10:49

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында жайгашкан башкы балатынын отун жандырылат.

Балатынын бийиктиги 25 метрди түзөт. Миңден ашуун оюнчуктар, 2500 ийне жалбырактуу бутактар жана 40 миң түркүн түстө жарык берүүчү лампалар менен кооздолгон.

Башкы балатынын оту бүгүн саат 19:00дө жандырылып, салтанатуу кече 21:00гө чейин уланат.

Мындан тышкары баш калаада 15 балаты орнотулган жана Бишкектин ири жолдорунда жаңы жылдык жасалгалоо иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, ордо калаанын жаңы жылдык жасалгалоого 15 миллион сом бөлүнгөн. Өткөн жылы 13 млн. сом жумшалган эле.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!