Айдоочу МАИ кызматкерин сүзүп качты

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:12

Бишкекте кайгуул милиция кызматкерин сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 17-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнөн Түштүк дарбазасына кире бериш жеринде белгисиз айдоочу «Лексус LX-470» үлгүсүндөгү унаасы менен жогоруда аталган башкармалыктын кенже тескөөчүсүн, милициянын кенже сержантын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Окуя болгон жерге «Тез жардам» чакыртылып кенже тескөөчү Бишкек шаарынын №4 ооруканасына жаткырылган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан изин суутпай Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну автоунаасы менен кармалып, унаасы атайын унаа токтотуучу жайга токтотулган. Окуя боюнча чогултулган иш кагаздар айдоочу менен Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, кармалган жаран азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!