Баткенде жаш балдарга жардам көрсөтүлдү

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:04

Баткен район жана шаар аймагында жашаган 5 жаштан 15 жашка чейинки жетим балдарга 4 миң сомдук акчалай жардам, таттуулар жана кышкы кийим-кечелер таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы Баткен облусунун мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленип, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын колдоосу менен ишке ашырылып, жалпысы болсуп 88 миң сомдук жардам берилген.

“Жардам көрсөтүлгөн балдар Баткен району менен шаар аймагында жашагандыктан айыл өкмөттөр менен райондук администрация биргелешип жардамга муктаж жана жетим балдардын тизмесин аныктап беришти. Алар берген тизме боюнча жардамдар таратылып, балдардын маанайларын көтөрүүгө аракет жасадык”,-деди облустук казыяттын өкүлдөрү.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!