Лыжа тебүүчү базанын чатыры күйдү (фото)

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:40

Ысык-Атада тоодогу лыжа тебүүчү базанын чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү саат 6 :08де Ысык-Ата районунунТогуз-Булак айылындагы Тоо лыжа тебүүчү базасында эки кабаттуу коттедж күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен коттеждин аянты 80 чарчы метр темир менен жабылган чатыры жана жыгач устундуу мансард күйүп кеткен.

“Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин Ысык-Ата райондук өрт –куткаруу бөлүмүнүн 6 кызматкери,Тоо лыжа тебүүчүнүн базасынын башчысы Р.Тегай жана Тоо лыжа тебүүчү базасынын 4 жумушчусу тартылып, өрт саат 10:55те толугу менен өчүрүлгөн”,-деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!