​Эки адам ууланып ооруканага жатты

21-Дек. 2017, Бейшемби, 10:43

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда 2 адам ботулизм оорусуна каршы дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 19-декабры күнү аталган райондун Таш-Булак айылынын 23 жана 49 жаштагы эки тургуну ботулизм (тамак-аштан уулануу) оорусунун диагнозуна шектелип, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Эки адамдан башка калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн (5 адам) абалдары жакшы. Азыркы учурда оорулуулар ботулизм оорусуна каршы дарыланууда”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!