Пикир келишпестиктен адам өмүрү кыйылды

21-Дек. 2017, Бейшемби, 11:43

Ысык-Ата районунда 26 жаштагы жигит пикир келишпестиктен өзүнөн үч жаш улуу дос кызын өлтүрүп салды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-ноябрь күнү Дмитриевка айылында аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келип, европа улутундагы 25-30 жаштардагы аял кишинин киши колдуу болуп өлгөндүгүн аныкташкан. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, ал 29 жаштагы Кант шаарынын тургуну болуп чыккан.

"Жогорудагы факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Эртең менен курбусунун сөөгүн үйдүн кожейкеси тапкан. Маркум курбусуна конокко келген",- деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат боюнча кечинде үйгө жабырлануучунун досу келип, кийин эркек менен аялдын ортосунда уруш чыккан. Эртең менен ал курбусунун сөөгүн байкаган. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Ново-Покровка айылынын 26 жаштагы жашоочусу кармалган.

Азыркы учурда кармалган жаранга карата камакка алуу чечими чыгып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!