Президенттик кортеж өткөн учурда жол жабылбайт

22-Дек. 2017, Жума, 09:48

Буга чейин социалдык тармактарда жарыяланган президенттик кортеж өткөн учурда Бишкектеги көчөлөр жабылбай тургандыгы тууралуу маалыматты президенттик аппараттын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындан ары президенттик кортеж өтүп бара жатканда Айтматов кең көчөсү жабылбайт.

Буга чейин коопсуздук үчүн кортеж өтүп бараткан учурда милиция кызматкерлери унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй тосуп турган. Бул көрүнүш коомчулукта нааразычылык жаратып келген.

Белгилей кетсек, президент Жээнбековдун кортежи эрте мененки саат 7:30 жана кечинде 20:00дөн кийин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!