Төрага үч эм өспүрүмгө жардам берди

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:34

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда Кара-Суу районунун Эркин айылындагы үч эм балдарын жалгыз бой чоңойтуп жаткан Кызжибек Мариповадан кабар алды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Спикер Жумабеков үч эм баланы жалгыз тарбиялап жаткан энеге ыраазычылык билдирип,

Сиздей энелер бар элибиздин келечеги кең. Балдарыңыз өзүңүздүн үмүтүңүздү гана актай турган кыз-жигиттерден эмес, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан инсандардан болуп чоңойсун”,– деди.

Ошондой эле балдарга атайын ала барган белектерин ыроологон Дастанбек Жумабеков, жалгыз бой энеге кир жуучу машина жана төраганын жеке резервдик фондунан 50 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, 38 жаштагы Кызжибек Марипова үч эм балдарын дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сураганы тууралуу маалымат фейсбук тармагында сентябрь айында тараган.

Асан, Үсөн жана Фатима деп аталган үч эмдерди апасы жети жылдан бери жалгыз чоңойтуп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!