​Жалал-Абадда унаа жолуна таш кулады

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:00

Жалал-Абад облусунда түн ортосунда унаа жолуна кулаган таш жолду жаап калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-декабрда болжол менен саат 23:10 чамасында Ала-Бука районунан Чаткал районуна баруучу унаа жолунун 26-27-чакырымында таш кулап, жол жабылган. Аталган жолду тазалоо максатында 1 жүктөгүч, 1 манипулятор жана 5 кызматкер тартылган.

“24-декабрга караган түнү Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 26-27-чакырым аралыгында жол тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Саат 02:55де тазаланып, унаа каттамы ачылган. Жабыркагандар жок”,-деп айтылат маалыматта.

Фото: интернеттен алынды, окуяга эч кандай байланышы жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!