Араванда пиротехникалык каражат саткандар жок

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:36

Ош облусунун Араван районундагы ири базарларда пиротехникалык каражаттарды саткандар жок. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Араван, Ноокат райондорунун инспекторлорунун, жергиликтүү укук коргоо органдары менен жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталды.

Ага ылайык, Араван райоунунда жайгашкан бардык базарлар, майда соода күркөлөрү текшерүүгө алынды. Анын жыйынтыгы менен Араван районундагы ири базарларда, майда соода жайларында пиротехникалык каражаттарын саткандар аныкталган жок.

Мамэкотехинспекциянын Араван райондук инспекторолорунун айтымында, бир ай мурда Араван районунда жайгашкан бардык соода жай ээлерине пиротехникалык каражаттарды сактоого жана сатууга тыюу салынгандыгы боюнча түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары толугу менен базар ээлери тарабынан аткарылып жатканын баса белгилешти.

Кошумчалай кетсек, ушундай эле мүнөздөгү текшерүүлөр жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Республиканын бардык ири базарларында жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!