Жалал-Абадда итин өлтүргөн жигит камалды

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 17:49

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун жашоочусу өзүнүн короосундагы итти атып өлтүргөн тасма айрым социалдык тармактар менен маалыматтык агенттиктерде тараган. Бул окуяда жигит өзүнүн ырайымсыз кылган мамилесине кубанганын жашырган эмес. Ал эми коомчулукта кызуу талкуу жаралган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан окуя боюнча ыкчам териштирүү иштери жүргүзүлүп, алдан ала маалыматтар боюнча тасма ушул жылдын сентябрь айында Сузак районунда болгондугу аныкталган. 20 жаштагы жаран өзүнүн ырайымсыз кылган мамилесин “Алабай” пародасындагы итинин ооруп калгандыгына, досун тиштегендигине жана тоокторго кол салгандыгы үчүн жасагандыгын түшүндүргөн.

Ал эми “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы атасына тийиштүү болгон. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө ок атуучу куралды колдонуу жана каттоо мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган. Топтолгон материалдардын негизинде Жала-Абад ОИИБнын тергөө бөлүмү тарбынан кылмыш-жаза кодексинин “жаныбарларга ырайысыз мамиле кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!