Дурусбек: Карыяларга акысыз массаж жасайбыз

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 18:49

23-декабрда Оштогу «Бий Ордо» конок үйүндө "Чыгыш" кесипкөй уколоочулардын ассоциациясы" коомдук бирикмеси түзүлдү. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Дурусбек Эрнусбек уулу билдирди.

Анын айтымында, массажисттердин бирикмеси Кыргызстанда алгачкы жолу түзүлдү.

«Массажисттердин биригип, ассоциация болуп түзүлүшү Кыргызстанда алгачкы жолу болууда. Биздин бирикменин негизги максаты мындан ары массажисттер бири-бирибизге тажрыйба алмашып, жаңыдан бул кесипти аркалаган жаштарга колдоо көрсөтүп чебер-класстарды, тренингдерди, окууларды, ар кандай сынактарды өткөрүп турмакчыбыз. Кайрымдуулук иштеринен дагы четте калбай, эртеңден тарта карыялар үйүнө барып, акысыз массаж жасамакчыбыз. Мындан тышкары жаңы жылдын урматына белектерди дагы таратабыз»,-деди ал.

Эрнусбек уулу кошумчалагандай, ассоциация республикалык болгондуктан акырындык менен аймактардагы массажисттердин башы биригип, тыгыз кызматташып иш алып барышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!