​Бишкекти карды тазалоого 31 техника тартылган

27-Дек. 2017, Шаршемби, 11:47

Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштери таңкы саат төрттө башталган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тазалоо иштерине "Тазалык" ишканасынан 19 унаа, кум сепкен 2, кар жүктөгөн 5, ар кыл 3 техника жана беш "Беларусь" трактору жолдогу карды тазалап, ташып чыгып кетүүдө.

Мындан тышкары, 516 кызматкер жолдун чекелерин, тротуарларды жана аялдамалардын карын күрөп, музун чагып жатат.

Жолдогу кыймылдын коопсуздугун камсыздоого көмөк иретинде бир суткада 60 тонна кум жана 7 тонна туз себилди.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!