​Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

27-Дек. 2017, Шаршемби, 12:41

Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба ырайына жана кардын калың жаашына байланыштуу жол тыгындар пайда болуп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырдаалдын мындан ары оорлошуна, адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Жайыл районундагы Сосновка, Токтогул районундагы Арал, Кара-Көль шаарындагы посттордо, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилип, Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Анын алуунусу боюнча кошумча маалымат берилет. Бардык посттордо калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Ошондой эле кооптуу участоктордогу кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-137- жана 198-255-чакырымдарында артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрга чейин кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, аталган министрлик мындан 3 саат мурдараак 27-декабрдан 29-декабрга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаап, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен билдирүү тараткан. Ошондой эле министрлик жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин белгилеген болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!