Кар көчкү эки унаага түштү

27-Дек. 2017, Шаршемби, 16:53

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, эки унаа кардын астында калып, бир унааны жолдун жээгине түртүп салды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Алардын билдирген маалыматты боюнча, аталган унаа жолдун 198-чакырымында өтүп бара жаткан кар эки жеңил унаанын капталына кар көчкү тийген. Андан сырткары, дагы бир унааны жолдун жээгине түртүп салган.

«Кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок. Ал эми кар алдында калган унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр башка унаанын ичинде. Окуя болгон жерге кар тазалоочу атайын техникалар тартылган. Кырдаал көзөмөлдөнүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба ырайына жана кардын калың жаашына байланыштуу жол тыгындар пайда болуп, жол убактылуу жабылгандыгын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!