Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда өткөрүлөт

28-Дек. 2017, Бейшемби, 11:12

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылы сентябрь айында өтөт. Бул тууралуу оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул төмөнкү тармактарды камтыган аянтча болот: этноспорт оюндары жана таймаштар, этномаданий фестивалдар жана конкурстар, илимий конференциялар, симпозиумдар жана тегерек столдогу талкуулар. Этноспорт, Этномаданият, Илим жана Этнобилим бул үчилтиктин негизги багыттары жана принциптери!

Оюндардын негизги багыты – дүйнө элдеринин маданиятын, тарыхый мурастарын сактап, жандандыруу!

Ошондой эле Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын кийинки чакырыктары көрсөтүлгөн:

- Тынчтык орнотуу – Дүйнө элдеринин ортосунда тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдеп, өнүктүрүп, маданий жана конфессионалдык диалогду туруктоо!

Биргелик – Дүйнөдөгү ар бир көчмөнгө, Кыргыз жаранына ДКО долбооруна кол кабыш кылууга мүмкүнчүлүк түзүү!

- Байыркылык – бирден –бир ата- бабалардан муундан муунга берилип, VII-VIII кылымдардан бери ойнолуп келе жаткан оюн.

- Түп нуска – бүгүнкү оюндар жаратылышынан алгачкы рухун сактап жана убакыттын өтүшү менен өзгөрүүлөргө дуушар болбой келүүдө.

- Оюн –зоок – бирден – бир ачык массалык окуялар, өзүнүн көрүнүшү боюнча башка эл аралык долбоорлордон кем калышпайт.

- Бириктирүүчү – көчмөн элдерин бириктирүүгө жана баш кошуусуна багытталат.

Үчүнчү Көчмөндөр Оюндары өткөрүлгөн кезде “Кырчын” капчыгайы Көчмөн элдеринин оюндары, маданияты, салттары, тиричилиги, оюн зооктору көрсөтүлгөн дүйнөлүк денгээлдеги этноаянтка айланат.

ДКО-2018 көрсөтүлөт:

*Этноспорт оюндарынын 37 түрү,

*Фестиваль жана конкурстар “этнохит”, “этнофольклер”, “этносаркеч”, “этнобий”, “этноүй/турак жай”, “этноисскуство” (сүрөт, графика, скульптура),

*Илимий конференциялар: көчмөн цивилизациясы жана Алтай таанучулук.

2018-жылдагы оюндардагы негизги жаңылык Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына арналып чыгарылган Улуу жеңишти даңазалаган китеп болуп саналат. Ал китепте Улуу күрөш чебери, Улуу Көчмөн, Улуу Батыр, Улуу Жаачы, Улуу Жаачы айым жана Улуу Көк-бөрүчү чагылдырылат!

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын күн түрүндөгү жаңыланган айдентикасы ДКОнун концепциясын чагылдырып ошондой эле дүйнө жүзүндөгү көчмөн элдеринин философиясын символдоштурат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!