Жеңил унаа жолдон чыгып кетти

29-Дек. 2017, Жума, 11:17

"Бүгүн, 29-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил унаа жолдон чыгып кетти",- деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, жол кырсык бүгүн таңкы саат 04:00 чамасында аталган жолдун 398-чакырымында, Кара-Көл шаарынын аймагында болгон. Анда “Тайота Авенсис” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткенде, айдоочусу шок абалда болгон.

“ӨКМнин куткаруучулары кырсыка кабылган айдоочуга биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда айдоочунун абалы жакшы”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!