Жолдо бараткан жигитке бычак урду

29-Дек. 2017, Жума, 11:52

Кара-Балта шаарында көчөдө өтүп бара жаткан адам менен пикири келишпей калган жергиликтүү тургун жүргүнчүгө бычак сайган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-декабрь күнү милиция кызматкерлерине аймактык ооруканага белгисиз жаран бычактан алган жаракатынан улам жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Жайыл РИИБнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн аныкташкан. Ал Кара-Балта шаарынын 22 жаштагы Ш.К. аттуу жашоочусу болгон. Териштирүү учурунда жабырлануучу 26-декабрда түнкү саат 02:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде 20-25 жаштагы жигит менен пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, бычак менен жабырлануучунун ичи тарабына сайып жиберген.

Бул окуя боюнча милиция кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «денеге атайлап оор залал келтирүү» беренсинин негизинде кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Чүй ОИИББнын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара Балта шаарынын 19 жаштагы жергиликтүү жашоочусу кармалган.

Учурда ал Жайыл районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!