Министрге кат жазган окуучу белектүү болду

29-Дек. 2017, Жума, 14:05

Бишкек шаарынын тургуну Нурдан 10 жашта. Ал Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловго Жаңы жылга карата белек берүүсүн өтүнүп кат жазган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Нурдан менен маңдай-тескей баарлашып, азыркы заманда окуу, билим жана талыкпас эмгек гана ийгиликке жеткирерин мисалдар менен айтып берди. Андан соң Султан Жумагулов Нурданга каалоо-тилектерди айтып, белек берип узатты.

Ошентип жаңы жыл алдында Нурдандын министрдин колунан белек алсам деген балалык кыялы ишке ашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!