Мас болгон милиция унааны эки ирет сүздү

29-Дек. 2017, Жума, 17:06

Бишкекте мас абалындагы милициянын подполковниги бир эле унааны эки жолу сүзүп салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 28-декабрь күнү 11:30дар чамасында Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Ленин РИИБинин 10-бөлүмүнүн жетекчиси мас абалында “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып жолдун жээгинде токтоп турган “Subaru Legacy” үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзүп алган. Бирок унаасынан түшпөстөн жолун уланткан. Аны аркасынан “Subaru” унаасынын айдоочу кубалап барып унаасы менен тосуп токтотууга аракет кылган учурда кайрадан качып кеткен айдоочу сүзүп кеткен. Ал жеңил жаракаттарды алып ооруканага кайрылган.

“Качууга аракет кылган “Mercedes-Benz” унаасынын айдоочусу Ленин РИИБинин 10-бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги экени аныкталган. Ошондой эле ал мас абалында экени белгилүү болгон”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырсыкка кабылган 2 унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!