Кыргызстанда жер силкинди

5-Янв. 2018, Жума, 11:43

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө 4-январдан 5-январга караган түнү саат 02:15те Алай тоо кыркаларында болгон.

«Жер титирөөнүн очогу Кара-Тейит айылынан 26 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 28 чакырым түндүк-батышта, Коргон айылынан 50 чакырым чыгышта, Эгин-Жай айылынан 50 чакырым түштүк-батышта жайгашып, күчү 3,7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит жана Карамык айылдарында 2-2,5 баллга чейин жеткен. Жабыркагандар жана каза болгондор жок»- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!