Уметалиев ЕАЭБдеги өкүл кызматынан кетти

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:38

Санжар Уметалиев Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Уметалиев кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Ал өкмөттө аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы катары иштеп турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!