“Осьминог” кафеси толугу менен күйдү

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:41

Ысык-Көл районунда 1 кафе толугу менен күйүп, анын жанындагы 2 конок үйү да жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-январь күнү саат 04:39да Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Осьминог” кафесинде өрт кырсыгы катталган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинин негизинде чыккан өрт саат 06:50дө чектөөгө алынып, саат 10:48де толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми өрттүн кесепетинен улам ошол жердеги 3 кабаттуу “Грин Хаус” конок үйү, 2 кабаттуу “Саябан” конок үйү, жанында жайгашкан “Осьминог” деген кафе күйүп кеткен. Өрттөн жаракат алган эч ким жок. Учурда келип чыгуу себептери ИИМ кызматкерлери тарабынан такталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!