Досалы Эсеналиев Андрей Кричевский менен жолугушту

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:51

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин Интеллектуалдык менчиктин бүткүл россиялык уюмунун (ИМБРУ) башкы директору, Укук ээлеринин коомдоштуктарынын Евразиялык конфедерациясынын башкы катчысы, IPChain ассоциациясынын президенти Андрей Кричевский менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Кыргызпатент Интеллектуалдык менчиктин бүткүл россиялык уюмунан автордук жана чектеш укуктар боюнча автордук сыйакыны бөлүштүрүү боюнча программалык камсыздоону алуу жөнүндө келишимге жетти. Маалым болгондой, Кыргызпатент Укук ээлеринин коомдоштуктарынын Евразиялык конфедерациясынын мүчөсү болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук ээлеринин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, интеллектуалдык ишмердиктин натыйжасына укуктарды коргоо жана жаратууну иш жүзүнө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар үчүн санариптик аянтча түзүү маселелери, автордук сыйакыны чогултуу жана бөлүштүрүү механизми талкууланды. Жолугушууда эл аралык тарамдын алкагында өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүктөрү жана санариптик чөйрөдө интеллектуалдык укуктардын рыногунун стандарттарын, технологияларын жана куралдарын калыптандырууга басым жасалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!