19 жаштагы жигитти алдап кеткен аял кармалды

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:05

Чүй облусунун тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБне 19 жаштагы жергиликтүү турун арыз менен кайрылган. Себеби, өткөн жылдын апрель айында Бишкек шаарында жайгашкан базарлардын биринен “Аида” деген аял алдоо жолу менен арыздануучунун ишенимине кирип, жалпы суммасы 25 700 сомдук товарын алып, саткандан кийин акчасын кайтарып берем деген бойдон ушул күнгө чейин изин жашырып качып жүргөн.


Милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун И.А. аттуу жашоочусу кармалган.

Кармалган жаран Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!