Жумакадыров каза болгон кырсык боюнча иш сотко өттү

9-Янв. 2018, Шейшемби, 10:39

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ИИМнин Тергөө кызматы жол кырсыгы боюнча топтолгон материалдарды Чүй облусунун Москва райондук сотуна өткөрүлүп берген.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 7-октябрь күнү таңкы саат 7:30дарда Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы «КамАЗ» менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесептинен улам алган жаракатынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу каза болгон. Маркум Темир Жумакадыров буга чейин Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалгандыгына байланыштуу ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Ал эми кырсыкка кабылган КамАЗдын айдоочусу Бишкекти көздөй буудай тартып келе жаткан. Окуя болгон жерде ал айдоочуну жергиликтүү медицина кызматкерлери жана Бишкектен дагы анын спирт ичимдигин ичип-ичпегендигин атайын текшергенде, ал соо болуп чыккан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, КамАЗды башкарып келе жаткан 1992-жылы туулган айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле жол кырсыктын себептерин аныктоо үчүн техникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!