Көп кабаттуу үйдөн кыргызстандык аял кулады

9-Янв. 2018, Шейшемби, 10:42

8-январда Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкерлери Москва шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн 5-кабатынан кулап кетип, оор жаракат алган Ж.Юсупованын ал-абалын, ден-соолугун билүү үчүн О.И.Филатов атындагы шаардык клиникалык ооруканага барып келишти. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

1989-жылдын 14-февралында туулган Юсупованын өзүнүн айтуусу боюнча 2018-жылдын 1-январында жашаган үйдүн терезе пардасын оңдоп тагып жатып, буту тайып, кулап кеткен.

Анын абалы оор, жамбаш, бут сөөктөрү сынып, ички органдары да жабыркаган. Учурда жалпы палатада дарыланууда. Аталган оорукананын травмотология бөлүмүнүн күзөттөгү дарыгери А.Поповдун айтуусу боюнча Юсуповага керектүү медициналык жардамды тез арада берүү максатында жасалган алгачкы операциясы, дарылануусу бекер болгон.

Юсупованын саламаттыгын толугу менен калыбына келтирүү үчүн дагы операциялар жасалуусу күтүлүүдө. Жарандын медициналык камсыздандыруучу полиси жок болгондуктан, кийинки операция жасоо үчүн каражатты Юсупова өзү төлөөсү керек. Азыркы кезде кызынын жанында карап жаткан апасы Юсупова Адина Адыловна да 2-топтогу майып болуп саналат.

Үй-бүлөнүн колунда операцияга керектүү каражат жок болгондуктан, “Фейсбук” социалдык тарманын пайдалануучуларынын арасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисттери тарабынан мекендешибиздин операциясына керектүү каражат чогултуу акциясы жүргүзүлүп жатат.

Элчилик маселеге көз салууда.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!