​Кайталап кылмыш кылып кармалды

9-Янв. 2018, Шейшемби, 13:28

Бишкекте сот жообуна тартылган адам уруулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, январь айынын башында болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарында жайгашкан базарлардын бириндеги контейнерден “Самсунг С-5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонду жана акча каражатын уурдап кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Жабырлануучуга жалпы суммасы 33 000 сомдук чыгым келтирилген.

“Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Андан сырткары, тергөө учурунда кармалган жаран ушул сыяктуу кылмыш иштери боюнча мурда сот жообуна тартылганы аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!