Кыргызстан мыкты туристтик аймактардын катарында

9-Янв. 2018, Шейшемби, 15:40

Кыргызстан 2018-жылдын мыкты туристтик аймактарынын катарына кошулду. Бул тууралуу “Passion Passport” коомунун өздүк сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, “Passion Passport” коому 20 мыкты туристтик аймак таңдап алган, алардын катарында Кыргызстанда бар.

Саякатчыларга жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, тизменин сап башына Фарер аралы жайгашкан. Андан кийин Пакистан, Иран, Сингапур жана Норвегиянын Лофотен аралы турат.

Ал эми аталган тизмеге Кыргызстан 18-орунда жазылып Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен кирген жалгыз өлкө болуп калды.

Маалымат катары, “Passion Passport” сүрөтчүлөр, саякатчылар, иликтөөчүлөрдүн биримдиги.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!