Бет капчан кишилер дүкөндү тоноп кетти

9-Янв. 2018, Шейшемби, 15:44

Ош шаарындагы “Мир Замир” дүкѳнүнѳ медициналык бет капчан белгисиз эки жаран кирип сатуучу аялдын башына тапанча такап, тоноп кеттишти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январга караган түнү болжол менен саат 00:20 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жайгашкан “Мир Замир” дүкѳнүнѳ медициналык бет капчан белгисиз эки жаран кирип келишкен. Алардын биринчиси сатуучу аялдын башына тапанча такап, экинчиси бычак менен коркутуп, 6000 сомго жакын акчасын жана сатуучунун уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып качып кетишкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү жарандар кармалышкан. Алар Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган жана Талас облусунун 1996-жылы туулган тургундары болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жасаган кылмыштарын мойундарына алышкан. Ѳздүк кароо жүргүзүү учурунда алардын жанынан сатуучунун уюлдук телефону, «МП-654К» үлгүсүндѳгү газ тапанчасы, эки медициналык бет кап, бычак жана сатуучудан алган акчанын аз бѳлүгү табылган. Учурда алынган буюмдар далил катары тиешелүү экспертизага жѳнѳтүлдү”,- деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары кармалган жарандар Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жогорудагы факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренси менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!