​Маркумдун өздүгү такталбай жатат

10-Янв. 2018, Шаршемби, 10:53

Чүй облусунда сөөгү табылган азият улутундагы адамдын аты-жөнү такталбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-январда милиция кызматкерлери Молдовановка айылынан азият улутундагы адамдын сөөгү табылып, анын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбогондуктан Чүй ОИИБи элден жардам сурайт. Каза болгон киши болжол менен 30-35 курактагы азият улутундагы жаран экени белгилүү болгон.

Маркумдун бою 175-180 сантиметр, арыкчырай, көзү чоң, күрөң түстө, оозунда сары түстөгү металлдан жасалган тиши бар.

Кийген кийимдери: футболка, майка, спорттук шым, кара түстөгү бут кийим жана баш кийими да болгон.

Өзгөчө белгилери: оң бутунун арт жагында бычактын сабы менен тартылган татуировка, колунун манжасында 8 бурчтуу жылдызча тартылган татуировка жана сол колунда төрт кырдуу сүрөт менен ЭР тамгасы чегилген татуировкасы бар.

Каза болгон адамды таанып, көргөн билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланышса болот.

Чүй ОИИБнын нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85,
Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмү (0312) 36-35-27, (0700) 67-55-56,
Ыкчам иликтөө тобуна байланышуу (0700) 20-96-66.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!