Мыйзамсыз көмүр сатылып жатат

10-Янв. 2018, Шаршемби, 11:24

Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан Чүй суу чарба башкармалыгына таандык жер тилкеде мыйзамсыз көмүр сатылып жатат. Бул тууралуу Экотехинпсекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын Аламүдүн райондук башкармалыгынын, “негизги жол жээктерин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштеринин жүрүшүндө”, Кара-Жыгач айылындагы Анкара көчөсүндө ирээтсиз, баш аламан көмүр сатуу фактысы аныкталды. Тагыраак айтканда, Чүй суу чарба башкармалыгынын карамагындагы жер тилкесинде жеңил курулуштар, көмүр, алардын калдыкдары жер кыртышын бузуп мыйзамсыз жайгашкан.

"Инспекторлордун айтымында, каналдын жээгинен 15 метр аралыкта эч кандай курулмаларды орнотуу, баш аламан соода-сатык жургүзүүгө тыюу салынат. Тилекке каршы Мамлекеттин жерине ирээтсиз, Бишкек шаарына кирүүчү негизги жолдун көркүн бузуп, көмүрлөр сатылып жатат. Инспекторлор жеринде баш аламан соода сатыкты токтотуу боюнча көмүр саткандарга эскертүүлөрдү беришти",-деп айтылат маалыматта.

Ал эми көмүр ээлери жер тилкесин өз билемдик колдонуп жатабы же Чүй суу чарба башкармалыгы мыйзамсыз ижарага бергенби териштирүүнүн жүрүшүндө белгилүү болот. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү тараптарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн Мамэкотехинспекциянын адистери кошумчалады.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!