Унаалар эвакуациялана баштады

10-Янв. 2018, Шаршемби, 14:09

Бишкек шаарында туура эмес жерге токтогон унаалар эвакуациялана баштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, автоунааларды мажбурлап ташып кетүү кызматын ишке ашыруу сынагын “Портал групп” ЖЧКсы утуп алган. Бул ишкана сынактан жеңип чыгып, “Аю Гарант” менен камсыздандыруу полиси боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, эгер эвакуация учурунда унаа зыян тартса «Аю Гарант” унаанын ээсине келтирилген чыгымды төлөп берет.

"ЖККББ жол четинде 7.21 “Эвакуатор” белгиси турган жерге токтогон унаалар эвакуацияланарын эскертет. Мындай белгилер көбүнчө тыгын көп орун алган көчөлөргө, соода борборлорунун алдында, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерге коюлат. Ал эми эвакуациялоонун чыгымы 1350 сомду түзөт. Бул сумманы унаа ээси өзү төлөөгө милдеттүү",- деп айтылат билдирүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!