Курал-жарактарды, окторду сактап жүрүшкөн

10-Янв. 2018, Шаршемби, 15:34

Ок атуучу куралдарды жана окторду мыйзамсыз сактаган жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январь күнү милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, Ысык-Көл районунун 26 жаштагы жашоочусунун үйүн мыйзамдын негизинде текшерген учурда 11 даана 5,45-калибрдеги октор табылып алынган. Ал эми, Кара-Суу районунан Кыргыз-Чек айылынын аймагында 50 жаштагы Каарман айылынын тургуну 1956-жылы чыккан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен кармалган. Текшерүү учурунда алынган ок атуучу куралдын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

“Алынган ок атуучу курал менен октор баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!