Министр Чуйков атындагы окуу жайдан кабар алды

10-Янв. 2018, Шаршемби, 16:45

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын эмгек жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун алкагында министр окуу жайдын директору Ж.Матураимовдун өз арызы менен бошонуп кетип жаткан арызы менен тааныштырып, эмгек жамааттын ой-пикирлерин укту жана жаңы келе турган жетекчи мыйзам чегинде келээрин, азырынча директордун ордуна кол коюу укугунда болорун айтып өттү.

Ошону менен катар министр мындан ары маданий окуу жайлардын жетекчилери ачык конкурстук негизде тандалып алынары жана учурда бул боюнча Жобо иштелип жаткандыгын билдирип кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын учурдагы көйгөйлүү маселелери жана келечектеги пландары жөнүндө айтылып, окуу жайдын мугалимдери кызыктырган суроолоруна жооп алышты жана министрдин атайын көңүл бөлүп келгенине ыраазычылыктарын билдиришип, ишине ийгиликтерди каалашты.
Жолугушуунун аягында министр окуу жайдын көргөзмө залы жана аудиториялары менен таанышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!