Үй-бүлө баалуулуктарын сактоого чакырышты

11-Янв. 2018, Бейшемби, 10:32

Талас облусунун казысынын орун орун басары Медер ажы Сагынбаев Кара-Буура районунун Кызыл адыр айылындагы «Ислам-Нуру» мечитинин жергиликтүү жамааты менен жолугушуу өткөрүп, «Ыймандуу үй-бүлөнү кантип курабыз?» деген темада баяндама жасады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Муну менен катар Медер ажы Сагынбаев үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликтерге кеңири токтолуп, айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Ушул эле күнү облус казысынын орун басары аймактагы имамдар менен жолугушуп, 18 жашка чыга элек жарандарга нике кыюга тыюу салынгандыгын эскертип, бул жаатта коомчулук арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүү керек экендигин билдирди.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!