​Бишкекке кеткен жаран дайынсыз жоголду

11-Янв. 2018, Бейшемби, 12:03

Ноокен районунан “Бишкекке кеттим”,- деп кеткен 36 жаштагы жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган Алибаев Азамат Эргешбаевич 22-декабрь күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынан “Бишкек шаарына кеттим”- деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Белгилери: Боюнун узундугу 165-170 см, өңү кара тору, көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү кышкы куртка, кызыл түстөгү жемпир, башында кара түстөгү кышкы шапка, кара түстөгү шым жана бутунда кара түстөгү кышкы өтүк.

Жогорудагы аталган жаран боюнча кандайдыр бир маалыматтар же көргөн- билгендер болсо төмөнкү дарекке кабарлап коюңуздарды суранабыз.

Байланыш телефондор: 03734 5-05-44, 0772 02-10-69, 102.
Ноокен райондук ички иштер бөлүмү

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!