Мурда соттолгон эки айылдашты милиция кайра кармады

11-Янв. 2018, Бейшемби, 12:37

Ысык-Көл облусунда ИИМдин каттоосунда турган эки жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда турушкан, Бостери айылынын эки жергиликтүү тургуну кармалган.

“Алынган санкциянын негизинде мурда каракчылык менен соттолгон 26 жаштагы Бостери айылынын тургунунун үйүн тинтүү жүргүзүү учурунда мыйзамсыз сакталган марихуана баңгизаты табылды. Контролдук салмагын өлчөдөө баңги заттын салмагы 2 кг. 700 гр. түздү. Ал эми, ушул эле айылдын мурда соттолгон 27 жаштагы тургунунун үйүнөн мыйзамсыз сакталган 5,45 мм. автоматтын 11 огу табылып алынды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Аныкталган эки факты боюнча кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!