Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолдогу тыгындарды алдын-алуу жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүү максатында "Сосновка" пунктунда саат 12:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген.