Ажыларды ташууга «Flynas» сунушталды

11-Янв. 2018, Бейшемби, 16:01

2018-жылы ажыларды ташууда авиакомпаниялар ортосунда өтүүчү конкурска Саудиянын «Flynas» авиакомпаниясы катышаары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Зайырбек Жолчуевич жана КР Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек Токтогулович баштаган расмий делегация Сауд Араб Падышачылыгынын Жидда шаарында жайгашкан жарандык авиациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, 2017-жылдагы ажылык иштери, каттамдар жана САПтын Flynas авиакомпаниясынын ишмердүүлүгү боюнча пикир алышты. Ал эми САПтын жарандык авиациясынын өкүлдөрү Падышачылыкта жалпысынан 5 ири авиакомпания бар экендигин айтып, эгерде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ажылык иштерин уюштурууда авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыяласа Flynas авиакомпаниясын сунуштай тургандыгын билдиришти. Анын себебин алар бул авиакомпаниянын Кыргызстандык ажыларды ташууда тажрыйбасы жетишээрилик деңгээлде болуп калгандыгы менен түшүндүрүштү.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында КР Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек Токтогулович Кыргызстанда Манас жана Ош Эл аралык аэропорттору бар экендигин жана аларда жарандарга кызмат кылуучу электрондук дарбазалар орнотулгандыгын билдирип, бул дагы ажылар үчүн өз кызматын өтөөрүн баса белгиледи. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев САПтын Flynas авиакомпаниясы Кыргызстандык ажыларды ташууда жакшы кызмат кылгандыгын белгилеп, авиацияга тиешелүү бардык шарттарды өз учурунда камсыздап бергендиги үчүн САПтын жарандык авиациясына өзүнүн жана кыргыз элинин ыраазычылыгын билдирүү менен эки тараптуу кызматташуу мындан дагы жакшыра бере тургандыгын баса белгиледи.

Эки тараптуу жолугушууга КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев, КМДБнын ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Азиз ажы Скаков жана КМДБнын өкүлү Хамидулла ажы Садиллаев катышты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-январында Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык Министрлигинин чакыруусу менен Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Зайырбек Жолчуевич жана КР Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек Токтогулович баштаган расмий делегация 2018-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюу үчүн Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!