Жаш кызды жерге чапкан жигит талкууда (видео)

11-Янв. 2018, Бейшемби, 16:14

Кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан жигиттин видеосу интернетке тарап, кызуу талкууну жаратты. Бул тасма кайсыл жерде тартылганы тууралуу жазылган эмес.

Тасмада көрүнүп тургандай, көчөдө жаш жигит бир кызды алгач сүйрөп, анан кар турган жерге көтөрүп барып, аны бети менен жерге көтөрүп чапкан. Жерге жатып калган кыз колу менен белин кармалап калганын да көрүүгө болот.

Учурда соцтүйүндүн колдонуучулары тарабынан кызды бети менен көтөрүп чапкан жигит катуу сынга кабылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!