​Карыпбековдун пикири талкуу жаратты

12-Янв. 2018, Жума, 11:43

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдон Интернеттеги посту үчүн эл алдында аймактын тургундарынан кечирим суроосун талап кылды. Ал эми Илим Карыпбеков айылдыктардын бардыгы ичимдик ичпегенин айтып, арак ичүү айылдарда көп учурда кездешет, ошол арактын ордуна жалкоолук менен күрөшүп иштеш керек деген маанини түшүндүргөн.

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун видео кайрылуусунда КТРКнын жетекчисинин айылда жашаган элдин арак ичкенин токтоткула деген сөзүн туура эмес деп эсептейт.

"Мен өзүм айылдан чыккам, ал жакта адамдар ичпей эле тытынып иштегенин билем. Региондогу миллиондогон биздин жарандар чет жактарда кыйынчылыкка карабастан иштеп жүрүшөт. Өзүм дагы 5 жыл бою эмгек мигранты болум жүрүп келдим. Азыр дагы Казакстан, Европага чейин мени туугандарым мигрант болуп иштеп жүрүшөт. 1500 миллиондон ашуун жарандар үй-бүлөсүн багып чет өлкөдө жүрөт. Жылуу бөлмөдө отуруп алып, башкы директор элге арак ичкенди токтоткула, иштегиле деп айтканы туура эмес. Мен, Карыпбековдон эл алдында, мекендештердин алдында расмий кечирим сурашын талап кылам”,-деп билдирди активист.

Ал эми Илим Карыпбеков Твиттердеги баракчасына президенттин 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган чечимин колдой турганын жазган.

"Ал үчүн акча деле керек эмес – жөн гана ичкенди коюп, иштеш керек»,-деп билдирген. Бул пикир элдин талкуусуна түшүп, жарандык активисттердин нааразычылыгын туудурган.

Көп өтпөй кечээ, 11-январда Илим Карыпбеков өзүнүн “Фейсбук” баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

“Каралоо, бурмалоо, эптеп эле элге жаман көрсөтүү ыкмаларына көнүп деле бүттүм. Дагы бир аракет жүрүп атканын көрүп атсаңыздар керек.

Бул постту Мавлян Аскарбеков, Дайыр Орунбеков аттуу инилериме жана бул жигиттерге окшогон эр азаматтарга багыштайм.

Биринчиден менин твиттерде жазган сөзүмдү туура которууңуздарды суранат элем. Ал жерде региондордун бардыгы, айылдыктардын бардыгы алкаштар, аракечтер деген жерим жок. Арак ичүү айылдарда көп учурда кездешет, ошол арактын ордуна жалкоолук менен күрөшүп иштеш керек деген маанини билдирет.

Айылдыктарга жаны калбай күйүп бышып аткан Мавлян менен Дайыр инилерим, жана буларга кошулуп үрүп аткан эр азаматтардын төрөлгөн жерде таптакыр арак ичүү маселеси жок болсо, арактын жыты көрүнбөгөн, арак деген эмне экенин унутуп калган айылдар болсо баракелде! Анда мен ошол айылдардан кечирим сурайм. Тилекке каршы мен өсүп чоңойгон айылдарда, мен азыр барып, көрүп жүргөн айылдарда дагыле арак ичүү маселеси өтө оор болуп турганын көрүп, байкап жүрөм.

Мен айылдан 16 жашыма чеин чыкпай өскөн баламын. Апамдын, Атамдын пенсиясы 17-18 күнгө эле жетчи учөөбүзгө, ошондо карызга кошуналардан жүгүрүп барып нан сурап, жарым кило кумшекер сурап жашаган күндөрүм болгон. Мындай абал биздин гана үйдө эмес, кошуналардын, айылдаштардын көбүндө болгон! Жалгыз керза өтүгүмдүн томугу аттын үзөнгүсүнө жешилип, тешилип калганда 1-2 айлап окуга барбай калган күндөрүм болгон. Ошол учурда биз үй-бүлөбүз (атам, апам, мен) акчабыз нанга, мага жаман өтүккө жок болуп турган учурда айылыбыздын үчкошкон, төрткошкондорунда айылдын эркектеринин бир тобу күндө майрам, күндө той болуп, үйлөрүндө кыйналып аткандыгына карабай аракка дайыма карыздаса да, тоносо да, уурдаса да акча таап ичип аткандарын күнүгө эле көрчүмүн. Азыр деле ушундай учурлар бар экенине дагы эле тилекке каршы күбө болуп жүрөм.

Ушул маселе менен катуу күрөшүшүбүш керек деген гана таризде жазган твиттердеги бир сүйлөмүмдөн жыт издеп атсыңар достор. Андан көрө биргелешип жардам кылалы туулуп өскөн айылдарыбызга”,-деп жазат Илим Карыпбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!