Массалык мушташка катышкандар жоопко тартылды

12-Янв. 2018, Жума, 12:39

Караколдо массалык мушташка катышкандарга 1,5 миң сомдон айып салынып, коомдук жумушка тартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-январда Каракол шаардык соту Каракол ШИИБ тарабынан жөнөтүлгөн ишти карап, чечим чыгарган. Ага ылайык массалык мушташка катышкандардын ар бирине 1,5 миң сомдон айып салынып жана 8 сааттык коомдук жумушка кесилишкен.

Аталган факты боюнча Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин майда бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек,11- январда Каракол шаарындагы массалык мушташтын себеби аныкталгандыгын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Zaman.kg” маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымына караганда, 5-январь күнү Каракол шаарынын Фучик-Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ижарага тоо-лыжасын берген “Доя” дүкөнүнүн жанында массалык мушташ чыккан.

“Каракол шаарындагы ижарага лыжа берген жайлардын биринин кожоюндары менен тааныш адамдардын ортосунда пикир келишпестиктен мушташ чыккан. Тактап айтканда, ушул эле шаардын тургундары ижарага лыжа алып, эки күндөн кийин бир лыжанын эки таякчасын сындырып алышкан экен. Анан ижарага лыжа берген жайдын кожоюндары таякча үчүн 2 миң сом айып төлөөнү талап кылганда эки тараптын пикирлери келишпей калып ортодо мушташ чыккан экен. Бирок, эки тарап ошондо эле элдешип, ижарага алуучулар да 2 миң сом айыпты төлөп беришиптир”,- деген болчу Усубакунов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!