Дача-СУда эстелик ачылды

13-Янв. 2018, Ишемби, 13:50

Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынан каза болгондордун элесине арналган эстелик ачылды.

Эстеликтин ачылышына президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөт мүчөлөрү жана каза болгондордун жакындары менен айыл тургундары катышты.

Эстелик Дача-СУ айылынын күн батыш тарабына тургузулган. Эстелик мрамор таштан жасалып ортосунда учактын канаты чагылдырылып, анын эки жагына каргашадан каза болгон адамдардын аты-жөнү жазылган.

Эскерте кетсек, былтыр 16-январь күнү таң эрте “Манас” аэропортуна конууну көздөп баратып, ага жакын жердеги Дача-СУ айылынын үстүнө “Boeing 747” учагы кулап түшкөн. Анын натыйжасында жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Кийинчерээк Гонконг - Стамбул каттамы менен учуп бараткан учак Бишкекке май куюу үчүн конгондугу айтылган. Кырсыкка кабылган учак ACT Airlines компаниясына таандык. Бирок, бул учак “Turkish Airlines” тарабынан ижарага алынган.

Ал эми кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын эсеп ачылып, кыргызстандыктар жана чет өлкөдө жашаган мекендештер тарабынан каражат топтолгон. Мындан сырткары, түрк компаниясы тарабынан кенемте төлөнүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!