Чубак ажы менен жолугушууга 15 миң адам чогулду

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:58

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келип, Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов, казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, кызыктуу баяндама жасап берди.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын баш имамынын айтымында сабакка 15 миңге чукул адам келип, сабак суроо-жооп менен уланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!